Кечээ, 16-декабрда футбол боюнча Орусия чемпиондугунун алкагында питердик "Зенит" өз үйүндө москвалык "Спартак командасын кабыл алды.
Оюндун жүрүшүндө эки команданын күйөрмандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал мушташка айланып кетти. Аларды арачалоого ОМОНдор аралашып, дагы кошумча күч тартылды. Мындан улам "Спартактын" күйөрмандары борбордук трибунадан коноктор секторуна көчүрүлдү. Оюн ОМОНдордун көзөмөлү астында өтүп, 3:1 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.
"Зенит" - "Спартак" (3:1);
Голдор: Сердар Азмун (8-м), Деян Ловрен (22-м, өзүнүн дарбазасына), Ярослав Ракицкий (73-м), Артём Дзюба (90+3-м).