Бүгүн, 17-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун алтынчы күндүк беттештери орун алат. Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килемге чыгат жана беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Бүгүн килемге чыкчу балбандардын тизмеси: 61 килограмм салмакка чейин: Агустин Детрибатс (Аргентина) - Улукбек Жолдошбеков (Азия чемпиону);
65 килограмм салмакка чейин: Эрназар Акматалиев - Абделлатиф Мансур (Италия);
79 килограмм салмакка чейин: Арсалан Будажапов (Азия чемпиону) - Арман Авагян (Армения).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
125 килограмм салмакка чейин Айаал Лазарев жана 70 килограмм салмакка чейин Исламбек Орозбеков коло байге үчүн беттешишет. Мындан тышкары, 57 килограмм салмак ченинде катышкан Бекболот Мырзаназар уулу коло байге үчүн күрөшкө мүмкүнчүлүк алуу үчүн килемге чыгат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат. Балбандар, ийгилик!