Бүгүн, 17-декабрь күнү түндө Англия Премьер-Лигасынын (АПЛ) 13-турдук оюнунун алкагында лондондук "Вест Хэм" командасы өз үйүндө "Кристал Пэлас" командасын кабыл алды.
Оюндун 55-мүнөтүндө "Вест Хэм" клубунун коргоочусу Владимир Цоуфалдын оң канаттан чыгарып берүүсүнө чабуулчу Себастьен Аллер өзү аркылуу (через себя) дарбазага таамай багыттап, гол жаратты.
Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул көрсөткүч менен "Вест Хэм" командасы турнирдик жадыбалда 21 упайы менен 7-орунда келе жатса, "Кристал Пэлас" командасы 18 упайы менен 13-орунда.
"Вест Хэм" - "Кристал Пэлас" (1:1);
Голдор: Кристиан Бентеке (34-м), Себастьен Аллер (55-м).