Бүгүн, 17-декабрда Белград шаарында (Сербия) өткөн күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти.
Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов тосуп алды. Ал курама команданы мелдештерде жеткен ийгилиги менен куттуктады: "Бүтүндөй Кыргыз өлкөсү сиздердин ийгилигиңиздер менен сыймыктанып турат! Азаматсыздар! Сиздер даңк пьедесталына чыгып, өлкөнүн гимни ойногондо биз чексиз бакытка бөлөндүк. Мындай кубанычтуу эмоциялар үчүн сиздерге рахмат".
Дүйнө Кубогунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 2020-жылдын 10-16-декабрь күндөрү өттү.
Кыргыз курамасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 2 коло) утуп, Дүйнө Кубогунда төртүнчү орунга ээ болду:
1-орун – Жоламан Шаршенбеков, 60 килограммга чейинки салмактык категорияда;
3-орун – Калы Сулайманов, 63 килограммга чейинки салмактык категорияда;
3-орун – Руслан Царев, 72 килограммга чейинки салмактык категорияда.
Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.