Бүгүн, 17-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүп жатат. Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталган беттешке эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары алгачкы атаандаштары менен килемге чыгып жатат.
Мелдешке 79 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Арсалан Будажапов алгачкы беттешинде армениялык Арман Авагянды 6:2 эсебинде жеңип, турнирдин 1/8 финалына чыкты.
1/8 финалда кыргыз балбаны словакиялык Ахсарбек Гулаев менен кез келет.