Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүп жатат. Бул күнү эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары алгачкы атаандаштарына каршы килемге чыгышууда.
Мелдешке 65 килограмм салмак ченинде катышкан Эрназар Акматалиев турнирдеги жүрүшүн 1/8 финалда баштап, алгач эле италиялык Абделлатиф Мансурду 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Муну менен кыргыз балбаны турнирдин чейрек финалына жолдомо алды.
Эрназар Акматалиев чейрек финалда азербайжандык Гаджи Алиев менен орусиялык Гаджимурад Рашидов жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.