Орусиялык спортчулар 2022-жылдын аягына чейин желеги менен мелдештерге катыша албайт

Бүгүн, 17-декабрда Швейцариянын Лозанна шаарында Спорт Арбитраждык Соту Орусия спортчуларына 2022-жылдын 16-декабрына чейин мамлекеттик желек менен мелдештерге катышууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Ошол эле учурда, мелдештерде күйөрмандар желекти көтөрүп турса болот. Муну менен Орусия эмдиги жылы өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына желеги жок катышат.

WADA'нын Аткаруу комитети 2019-жылдын 9-декабрында Орусиянын спортчуларына каршы санкцияларды киргизген. Бул чечимдин кабыл алынышына Орусия спортчуларынын 2012-2015-жылдар аралыгындагы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы камтылган Москвадагы допингге каршы лабораториясынын маалымат базасы бурмаланган түрдө өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө тыянагы негиз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
PFC-CSKA
2020-12-17 21:59:13
Шылдын кылгансып желек жана мамлекеттик символикадан айрыгыча лучше вообще эле запрет кылып койсо болмок как будто АКШ менен Великобританияда допинг жок сыяактуу.
+4
maks94.kb
2020-12-17 23:04:07
Может Токио 2021 2020 бутту уже Азат мырза Сизда Дастан Жумабековдой адаштыныз
-2
Азат Бейшенбеков
2020-12-18 07:33:14
maks94.kb,Саламатсызбы? "Токио-2020" олимпиадасы эмдиги жылы ушул эле аталыш менен өтөт.
0
Mirnar
2020-12-18 04:07:03
Орустарга саз болуптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан