Кечээ, 17-декабрь күнү Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.
Мелдешке 70 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Исламбек Орозбеков коло байге үчүн беттеште азербайжандык балбан Гитиномагомед Гаджиев менен кез келип, 5:6 эсебинде жеңишке жетти. Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө Кубогунда коло байгеге ээ болду.
Мелдешке 125 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Айаал Лазарев дагы коло байге үчүн азербайжандык Жамалдин Магомедов менен кез келип, 11:0 эсебинде атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди.