Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбековдун жасаган ыкмасы алтынчы күндүк оюндардын эң мыкты ыкмасы аталды. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Мелдешке 61 килограмм салмак ченинде катышкан Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков мыкты деп аталган ыкманы аргентиналык балбан Агустин Алехандро Дестрибатска каршы жасап, 4 упай алган.
Тилекке каршы, бул беттеште кыргыз балбаны атаандашына 10:4 эсебинде жеңилип калган.