Түштүк кореялык футболчу Сон Хын Миндин голу 2020-жылдын эң мыкты голу аталды

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Англиянын "Тоттенхэм" футболдук клубунун түштүк кореялык чабуулчусу Сон Хын Миндин голун 2020-жылдын эң мыкты голу деп тапты.

Англия Премьер-Лигасынын 16-турдук оюнунун алкагында 2019-жылдын 7-декабрында "Тоттенхэм" - "Бёрнли" оюнунда Сон Хын Мин өзүнүн талаасынан топту алып, каршылаштарынын дарбазасына чейин 5 футболчуну артка калтырып, гол жараткан.

2020-жылдын мыкты голу наамына жалпы 3 футболчу ат салышты. Алар: Сон Хын Мин ("Тоттенхэм" - "Бёрнли"), Жоржиан де Арраскаэта ("Сеара" - "Фламенго") жана Луис Суарес ("Барселона" - "Мальорка").

Сон Хын Миндин 2020-жылдагы мыкты аталган голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond
2020-12-18 11:31:47
Великолепно.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан