Вице-премьер министр Максат Мамытканов президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун "коркутуулар болуп жатат" деген кайрылуусу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал шайлоого карата даярдыктарды текшерүүгө барган Республикалык штабдын көчмө жыйынында айтканын БШКдан билдиришти.
БШК берген видео материалда Максат Мамытканов журналисттердин Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча берген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген:
"Талапкер Мадумаров боюнча жергиликтүү бийликтин баарынан сурадык. Алар "эч кандай тоскоолдук болгон эмес" деп айтып жатышат. Өзү бул жакка келбептир. Эгерде Мадумаров Ысык-Көл аймагына бара турган болсо, алдын ала маалымдама берип койсун. Тосуп алышат, шарт түзүп беришет. Бара берсин. Бул жактагы жетекчилердин баарына "талапкерлер үчүн шарттар бирдей болсун, коркунуч жаралса кайрылсын, коопсуздугун камсыздап беребиз" деп жатабыз. Эгерде коркунуч болсо, мага кайрылсын чогуу барып, жанында болуп берейин", - дейт Мамытканов.
Буга чейин президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көлдөгү штабынын мүчөлөрүнүн дарегине белгисиз адамдардан коркутуулар түшүп жаткандыгын билдиргени боюнча, 17-декабрда Башкы прокуратурага жана ИИМге маалымат берилгени маалымдалган.
Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул боюнча териштирүү иштери башталганын билдирген.