Бишкекте жол кырсыгы катталып 8 адам жаракат алды

Бишкекте жол кырсыгы катталып 8 киши жаракат алды. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматы билдирет. 2-октябрь күнү саат 00:30дар чамасында "Тез жардам" кызматына Жибек Жолу менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганы тууралуу чакыруу түшкөн. Аталган жерде Honda stepwgn автоунаасы менен Mercedes Benz унаасы сүзүшүп алган. Маалыматтар боюнча, жол кырсыгы учурунда Honda stepwgn автоунаасынын айдоочусу мас абалында болуп, жолдун каршы тилкесине чыкканда Mercedes Benz унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жабыр тарткан 8 адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан