Бүгүн, 18-декабрда АКШнын Пенсильвания штатындагы Ланкастер шаарында өткөн "CFFC 90" турниринде Кыргыз өлкөсүнүн мушкери, 27 жаштагы Зулкарнайн Камчыбеков америкалык атаандашы 36 жаштагы Ричард Брукстун үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетти.
Кыргыз мушкери америкалык атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, беттештин экинчи бөлүгүндө нокаутка учуратты.
Муну менен кыргыз мушкери карьерасындагы төртүнчү жеңишине ээ болду. Зулкарнайн Камчыбеков ушул жылдын сентябрь айында өткөн "CFFC 85" турниринде дагы жеңишке жеткен.