Бүгүн, 18-декабрда Орусияда өтө турган "АСА 116" турниринде кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов панкратион боюнча Москванын чемпиону Виталий Слипенкого каршы беттешке чыгат.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Алтынбек Мамашов карьерасында жалпы 14 беттеш өткөрсө, бардыгында жеңишке жетишкен. Ал эми анын атаандашы Слипенко 15 беттеш өткөрсө, 12синде жеңүүчү аталып, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
26 жаштагы Виталий Слипенко кубаттуу соккулары менен белгилүү.