Дүйнө Кубогу: Азия чемпиондору турнирден четтеп калышты

Бүгүн, 18-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун акыркы күндүк беттештери орун алат.

Мелдешке 61 килограмм салмак ченинде катышкан Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалдан баштап, аргентиналык Агустин Алехандро Дестрибатска 10:4 эсебинде жеңилген. Кыргыз балбанынын мындан аркы жүрүшү аргентиналык балбандан көз каранды болчу. Ал 1/4 финалда индиялык балбанды жеңип, жарым финалда орусиялык Абасгажи Магомедовко 7:0 эсебинде жеңилди. Муну менен Улукбек Жолдошбеков турнирдеги жүрүшүн токтотту.

Мелдешке 65 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалдан баштап, италиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди. 1/4 финалда Эрназар азербайжандык Хаджи Алиев менен кез келип, 4:6 эсебинде жеңилген. Азербайжандык балбан жарым финалда венгриялык Исмаил Мусукаевке 7:6 эсебинде жеңилип калды. Муну менен кыргыз балбаны турнирден четтеп калды.

Мелдешке 79 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Арсалан Будажапов алгачкы жүрүшүндө армениялык Арман Авагянды 6:2 эсебинде жеңип турнирдин 1/8 финалына чыккан. 1/8 финалда Арсалан словакиялык Ахсарбек Гулаевке акыркы секундда жеңишти тарттырып жиберди. 1/4 финалда Гулаев түркиялык Мухамет Котаноглуга 11:0 эсебинде жеңилип калды. Муну менен кыргыз балбаны турнирдеги жүрүшүн токтотту.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан