АСА 116: Алтынбек Мамашов карьерасындагы алгачкы жеңилүү ызасын тартып калды (видео)

Кечээ, 18-декабрда Орусияда өткөн "АСА 116" турниринде кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов панкратион боюнча Москванын чемпиону Виталий Слипенкого жеңилип калды.

Эки мушкердин беттеши үч бөлүккө созулуп, калыстардын бирдей чечими менен Виталий Слипенко жеңүүчү болуп табылды.

Муну менен кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов карьерасындагы алгачкы жеңилүү ызасын тартты. Ал буга чейин 14 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

Ал эми анын атаандашы Слипенко карьерасындагы он үчүнчү жеңишине жетишти. Ал үч ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Алтынбек Мамашов жеңилүү ызасын тартып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bayern-munchen
2020-12-19 12:54:02
### Мамашев женилип калдыбы
0
bekov01
2020-12-19 13:38:30
Бирде жигит тоо минет, бирде жигит жоо журот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан