Кыргызстан курама командасынын 22 оюнчусу Кувейт жана Тажикстан менен өтүүчү жолдоштук беттешке чакырылды

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын 22 оюнчусу Кувейт жана Тажикстан менен өтүүчү жолдоштук беттешке башкы машыктыруучу Сергей Дворянковдон чакыруу алды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет. Кыргызстан курама командасы 11-октябрь күнү Кувейт, 15-октябрда Тажикстан курама командасы менен беттешет. Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Аталган оюндарга чакыруу алган Кыргызстан курама командасынын толук курамы төмөндө:

Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко (“Дордой”), Руслан Амиров (“Абдыш-Ата”)

Коргоочулар: Валерий Кичин (“Химик”, Орусия), Марат Ажиниязов, Арий Элайджа, Даврон Аскаров, Адыл Бекболотов (баары “Дордой”), Тахир Авчиев (“Абдыш-Ата”), Артур Муладжанов (“Алга”)

Жарым коргоочулар: Курсанбек Шератов, Турсуналы Рустамов, Вадим Харченко, Ислам Шамшиев (баары “Дордой”), Кайрат Жыргалбек уулу, Азиз Сыдыков (“Абдыш-Ата”), Мака Коум Клод (клубу жок), Анатолий Власичев (“Спартак”, Казакстан), Ахлетдин Исраилов (“Динамо”, Украина).

Чабуулчулар: Каюмжан Шарипов, Дэвид Тетте Брюс, Мирлан Мурзаев (баары “Дордой”)

Башкы машыктыруучу: Сергей Дворянков (Орусия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан