ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: Бир жаздыктан чачыбыз агарсын деп баш кошуп, нике күбөлүгүн алган жылдыздар

Узап бара жаткан жыл дүйнө элине, анын ичинде кыргыз калкына дагы оор сыноолорду алып келди. Көптөгөн кыйынчылыктар, жоготуулар менен катар эле жакшылык мааракелер дагы орун албай койгон жок. Пандемия деп пландарын кийинкиге калтыргандар болсо, айрымдары бактысын таап, үй-бүлө аталышты.

2020-жылы сүйүктүүсү менен баш кошуп, чогуу түтүн булаткан белгилүүлөрдү топтодук.

Жыл жаңырары менен эле "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Зинанын ролун аткарган актриса Роза Азимбаева турмушка чыкты деген жакшы кабар уктук. Актриса менен жолдошу, аранжировкачы Алтынбек Нажимидинов 3-январда баш кошуп, түгөйлөрдүн үлпөт тою 20-январда Баткенде орун алган.

5-январь күнү "тамашоучу", "Универсал" тобунун оюнчусу Актилек Бекташев 8 ай сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Зыягүлгө баш кошкон. Түгөйлөрдүн үлпөт тою Ошто болуп, ага 900дөй мейман келгенин Актилек мырза билдирген.

"Нестан-Дарежан", "Ой, булбул", "Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт" ырларынын аткаруучусу, Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Элбарчын Калилова 19-январда турмушка чыгып, заманбап үлпөт той 22-январда Ошто өткөн.

Ырчы Тынчтыкбек Айылчиев 21-январда сүйлөшүп жүргөн кызы Атыргүлгө сөйкө салып, бир аптадан кийин экөө чогуу түтүн булатып баштаган. Ал эми үлпөт тойду жаз мезгилинде өткөрүү пландалып жатканын айткан ырчы.

Ал эми март айында ырчы Чолпон Талипбектин эгиз сиңдилеринин бири турмуш жолуна аттанган. Тагыраагы, модель, "Таиланддагы каникулда", "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?" тасмаларында роль жараткан Медина Талипбек келин болду. Ал бир жылдан ашуун убакыт сүйлөшүп жүргөн жигити Аскат мырза менен АКШда баш кошкон. Медина айым заманбап үлпөт той күз мезгилинде Кыргыз өлкөсүндө болорун билдирген.

Актёр жана шоумен Анвар Осмоналиев Кыргыз Эл артисти Эгемберди Чалабаевге күйөө бала болду. Ал 16-мартта сүйүктүүсү Эл-Айга үйлөнүп, кыргыздын каада-салты менен жубайын ата-энесинин колунан алып кеткен. 18-мартта эки жаштын ак тою Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.

4-июнда актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсү Арууке менен баш кошкон. "Учурдагы абалды эске алуу менен той өткөрдүк, карантиндик талаптарды бузбай, жакын адамдардын коштоосунда нике тоюбузду белгиледик", - деген ал.

25-июнь күнү белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабековдун үйлөнүү тою болгон. Аскат Мусабековдун өмүрлүк жары - ырчы Миргүл Асаналиева.

Актёр жана режиссёр Сапар Сайназаров 15-августта бойдокчулук менен коштошуп, Диана аттуу кыз менен баш кошкон. Ал пандемияга байланыштуу эл катары той кылбай, ысырапкерчилик кылбай жакшылыгын өткөрүп алганын билдирген.

"Эл эмне дейт?" долбоорундагы Айжамал аттуу кыздын ролун катыра аткарган Чыңгыз Султанов дагы Чычкан жылында бойдокчулук менен коштошкон.

14-сентябрда модель жана актёр катары таанымал болгон Эрнис Айдаралиев Аделина аттуу айым менен баш кошуп, калың элден бата алышып, үлпөт той өткөрүшкөн. Үйлөнүү үлпөт той Бишкектеги тойканалардын биринде орун алган.

Нурлан Насиптин бир тууган эжеси, ырчы Элзада Насипбекова сентябрь айында 2 жыл сүйлөшүп жүргөн мырзасына турмушка чыккан.

Элзада Насипбекова 2019-жылы алгачкы ырын жаздырып, туугандарынын жакшылыгында ырдап чыккан. Учурда анын репертуарында "Сен болгондо", "Өзүң бил" деген ырлары бар.

Тойдун сезону делинген күз мезгилинде обончу, аткаруучу жана актёр Төлөгөн Мамыров сүйүктүүсү Айтурганга баш кошкон. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 26-сентябрда Ноокатта орун алган. Төлөгөн Мамыров "жубайым экөөбүз таанышкан күнү эле үйлөнөбүз деп чечкенбиз" деп билдирген.

15-ноябрда борбордогу тойканалардын биринде чыгармачылыкка Eazy каймана аты менен аралашып жаткан ырчы Ислам Сагынов менен сүйүктүүсү Айсулуунун ак тою болду. Ырчы жубайы менен 3 жыл 11 ай кыз-жигит болуп сүйлөшкөн.

Ислам Сагынов 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Репертуарында “Сафари”, “Модели”, “Бомбита” (Баястан жана G-Voo менен биргеликте аткарган), “Ван Гог” (G-Voo жана Shukur Ali менен аткарган) жана башка ырлары бар.

29-ноябрда ырчы Джонни сүйүктүүсү Айжан Нурланбекованы кыргыздын каада-салты менен ата-энесинин колунан алып кеткен. Эки жаштын үлпөт тою 2-декабрга белгиленип, анда түгөйлөргө унаа, жер тилкеси жана чет өлкөгө саякатка жолдомо берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан