Кыргыз мушкери Бекболот Абдылда уулу Чеченстанда өткөн беттеште жеңилүү ызасын тартып калды

Кечээ, 19-декабрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өткөн "ACA Young Eagles" аттуу турнирде кыргыз балбаны Бекболот Абдылда уулу жергиликтүү мушкер Мансур Жамбураевге жеңилип калды.

Эки мушкер орто жеңил салмакта беттешип, анда кыргыз мушкери биринчи бөлүктөн кийин эле алган жаракатына байланыштуу беттешти андан ары уланта алган жок.

Бул көрсөткүч менен Бекболот Абдылда уулу карьерасында жалпы 24 беттеш өткөрсө, анын 14ү жеңиш алып келген, 10 жолу жеңилүү ызасын тартты. Ал эми анын орусиялык атаандашы карьерасында жалпы 10 беттеш өткөрсө анын 8инде жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abdizhapar
2020-12-20 10:15:26
Бирде жигит тоо минет бирде жигит жоо журот го бирок сен баягында алсыздарга кол которуп кыз зордуктаганында эле элдин назарынан калганындан ушундай болуп жатасын деп ойлойм
+8
Jaraisyn
2020-12-20 11:15:25
Abdizhapar, эгер сөзүң чын болсо анда анын спортсмен деген аты курсун.
+4
Rakyl12
2020-12-21 09:10:53
Abdizhapar,анан бироонун мулкуно бастырып бара берсе.
0
bond02
2020-12-20 13:00:05
Мындай характер менен бул баладан жакшы спортсмен чыкпайт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан