Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда Кыргыз улуттук курамасы жалпы 32 команданын ичинен 2-орунга жайгашты. Мындай маалымат чет элдик спорттук басылмаларда жазылды.
Кыргыз өлкөсүнүн атынан Дүйнө Кубогуна жалпы 20 балбан катышып, 3 алтын, 5 коло медаль утууга жетишти. Ал эми биринчи орунга 9 алтын, 2 күмүш жана беш колосу менен Орусия жайгашса, үчүнчү орунга 2 алтын 5 колосу менен Беларусь өлкөсү жайгашты.