"Тойота жана Мерседес". Дүйнө Кубогунда ийгилик жараткан Жоламан Шаршенбеков менен Руслан Царевге унаа тапшырылды

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышып алтын жана коло медаль уткан Жоламан Шаршенбеков жана Руслан Царевге жеке ишкер унаа тапшырды. Бул тууралуу балбандар өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.

Жеке ишкер Жоламан Шаршенбековго Мерседес үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырса, Руслан Царевге Тойота үлгүсүндөгү унаа берилген.

12-18-декабрь күндөрү өткөн бул мелдешке 60 килограмм салмак ченинде катышкан Жоламан Шаршенбеков мелдештин финалына чейин жетип, финалда орусиялык Степан Марянян аттуу балбанды 4:4 эсебинде жеңип, алтын медаль уткан.

Ушул эле турнирге 72 килограмм салмак ченинде килемге чыккан кыргыз балбаны Руслан Царев алгачкы беттешинде эле венгриялык Балинт Корпашиге 2:1 эсебинде утулган. Венгриялык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Руслан Царев болгариялык Айк Мнацаканян менен коло байге үчүн кез келип, 3:1 эсебинде жеңип коло байгеге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
amin1986
2020-12-20 17:05:39
Акыркы улгудогу машиналардан берсе болмок,бергенге жараша
-47
Real_mir
2020-12-20 17:09:10
amin1986,конул иши ,экобуз жакшы соз айталабызбы буларга
+34
Tohamoha
2020-12-20 17:17:33
amin1986, сен ушуларга жакшы сөз айтып ал
+22
Tolik555
2020-12-20 17:50:40
amin1986,омур бою не довольный болуп отот экегсин да.
+28
Jeenbek.
2020-12-21 10:21:32
amin1986,шугур деш керек
+1
Aky12
2020-12-20 17:36:01
Бул балбанды сыйлай турган адамдар,булар мн иши жок, кресло талашып, шайлоо деп жан талашып журушот. Белек кылган ишкерге Аллах ыраазы болсун
+31
CR7_JUV
2020-12-20 18:05:20
Мына ушундай адамдар кобойсунчу кыргызымда
+21
algakaray
2020-12-20 19:46:15
Уч кызыбызга да машина берсек ээ.
+16
nazira...
2020-12-20 21:03:02
Айсулуу канча жылдан бери канча медаль алып келди ага эч ким бербеди, булардын демоорчулору кучтуу окшойт. Эми болучунча Айсулууга деле берип койгулачы, пожалуйста? Ооба уй алды, стипендия алды, машина алганга да татыктуу.
+9
1Adilet1
2020-12-20 23:23:17
nazira...,эркек спортсмендерге эмне үчүн берет жакшылап ойлонуңуз түшүнөсүз (айрыкча күрөш бокс usf спортчулары ушундай сыйлыктар менен көп сыйланат бизнесмендерден
+4
bessmertiy
2020-12-21 00:54:00
nazira..., ГАЗПРОМ-НЕФТ компаниясы жапжаңы тойота камри берген Айсулууга.
+3
Jonisem
2020-12-21 01:59:20
Алдынан шамал өтө берсин 4дөнгөлөгү тен айланып ийгилик балбандар
+4
Rakyl12
2020-12-21 09:13:19
Эми олмипиаданан алтын кутобуз кудакаласа!
0
Nursul
2020-12-21 14:39:46
Жакшы күндөргө айдагыла буйрусун, азаматтар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан