Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун кабыл алчу төртүнчү стадион ачылды

2020-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун кабыл ала турган төртүнчү стадиондун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, стадион Доха шаарына жакын Аль-Райян шаарында жайгашып, 40 миң адамга ылайыкташкан. Стадионго "Ахмад бин Али" аты берилди. Стадиондун ачылыш аземине Катардын шейхи Тамим бин Хамад Аль Тани, ФИФАнын президенти Жанни Инфантино, УЕФАнын президенти Александр Чеферин жана Азия Футбол Конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрахим Аль Халифа катышкан.

Бул стадиондо 1/8 финалды кошкондо Дүйнө Чемпиондугунун жети оюну өтөт.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2022-жылдын 21-ноябрында башталып, 18-декабрында аяктайт. Чемпиондук Катардын 5 шаарындагы жалпы 8 стадиондо өтөт.

Катарда Дүйнө чемпионатын кабыл алуучу төртүнчү стадион ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Simels
2020-12-20 18:03:03
20222-жыл
+1
Almaz-pazilbaiuulu
2020-12-20 18:08:40
оо 20222жылга чейин ким бар ким жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан