ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: Булбулдун тили катып, акындын ырлары жазылбай, ырчынын үнү жаңырбай калды. Чычкан жылындагы жоготуулар
Чычкан жылын узатып жатып көзүбүзгө жаш тегеренди. Буга кубанычыбыздан дагы кайгыбыздын көп болгону, жакындарыбызды, сыймыктанар инсандарыбызды жоготконубуз себеп болду. Маданияттын мыктылары түбөлүккө кетип, оор жоготууларга туш болдук.
4-январь күнү кыргыз эстрадасында өзгөчө үнү менен таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков узакка созулган оорудан улам каза болду. Ал көптөн бери ашказаны ооруп, Бишкекте дарыланып жүргөнү айылдашы тарабынан белгилүү болгон.
Орунбасар Кызалаков 1962-жылы Талас облусунун Көк-Кашат айылында туулган. Аскерге чейин молдован кызына үйлөнүп, эгиз уулдуу болушкан. Аны менен жолу бир болбой, кийинчерээк үйлөнүп, эки уулдуу болгондо эки жолго түшүшкөн. Кызалаков "Таласым таңшыйт", "Таңкы поезд", "Биздин өзөн" аттуу ырлары менен кыргыз элинин эсинде калган. Ал кезде башка ырчылардан өзгөчө үнү менен айырмаланчу.
19-январда белгилүү манасчы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, дастанчы Сапарбек Касмамбетов 85 жашында каза болду.
Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Нарында төрөлгөн. Кочкордо окуп, таалим алган. Ал - манасчы, төкмө акын, Эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, "Манас-1000" юбилейлик медалынын жана "Даңк" медалынын ээси. 1987-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлгөн Манас айтуу боюнча сынактарда 7 ирет жеңүүчү болгон.
13-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Данакан Адашканова каза болду.
Данакан Адашканова Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында мугалим болуп эмгектенген. 1988-жылдан баштап сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Анын эмгектери Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жана КМШ өлкөлөрүндөгү музейлерге коюлган.
20-апрелде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев 42 жашында оорудан улам дүйнө салган.
Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырлары кыргыз ырларын сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келген.
29-апрелде акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында көз жумган.
Зайырбек Ажыматов "Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.
9-июнда "Бопуш" деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев 59 жашында көз жумган. Ал каза болгонго чейин бөйрөгү ооруп, ооруканада дарыланганы маалым болгон.
Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдар бою Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенген.
4-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, композитор Тургуналы Нурматов кайтыш болгон.
Тургуналы Нурматов 1955-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында төрөлгөн. Ал "Кыргызымдын жигиттери", "Той ыры", "Жымыңдайт жылдыз" аттуу обондору менен атактуу болгон.
30-июнда ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында каза болгон. Кесиптештери ырчы кант диабети менен күрөшүп келгенин, айыккыс дарттан улам көз жумганын айтышкан.
Болот Тасмаев акын Кыялбек Урманбетовдун "Аманат" ырын ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Эң биринчи ыр жыйнагы "Сен билген жоксуң" аталышында 14 ырды камтып, 2014-жылы жарык көргөн.
5-июлда "Азаттык" радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева 62 жашында дүйнө салган.
Бүбүкан Досалиева белгилүү журналист, илимпоз, саясат таануучу, педагог, саясат таануу боюнча илимдеринин кандидаты болгон. Бүбүкан Досалиева КТРК, "Сары Өзөн Чүй" каналдарында иштеген. Ошондой эле бир катар университеттерде журналистика боюнча сабак берген.
13-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова көз жумган. Ал эки залкар өнөр ээлери Абдыашым Көбөгөнов жана Сайрагүл Балкыбекованын кызы болгон.
Жыргал Көбөгөнова 8-класстан баштап 1963-жылы борбордо Цирктин студиясында машыгып жүрүп, 1964-жылы Кыргыз цирки ачылганда «Алгачкы карлыгачтардан» болуп аба гимнастынын ролун аткарып, цирктин чамгарагында чарк айланып бийлеген.
17-июлда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиев 72 жаш курагында каза болгон.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн гана искусствосу менен маданиятына салым кошпостон коңшу Казакстандын дагы кино өнөрүнө зор салымын кошкон. Улуттук киноискусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы Мурат Алиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. 2017-жылы "Курманжан датка" тасмасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылган.
23-июлда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубандык Өмүров эки тараптуу пневмониядан кайтыш болгон.
16-сентябрда Кыргыз Эл артисти, белгилүү композитор, аткаруучу Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнө салган.
120дан ашык обондордун автору Калыйбек Тагаев обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.
Октябрь айында кыргыз киносунун ардагери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Аркадий Битюков каза болгон. Ал Советтик Кыргызстан кинохроникасы үчүн 20дан ашуун сценарий, илимий-популярдуу фильмдердин сценарийлерин жазган.
Ноябрь айында гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев каза болду. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.
Мындан тышкары каза болгондордун арасында "Пирамида" жана "5-каналда" иштеген теле алып баруучу Назгүл Кожокулова бар. Ал февраль айында каза тапкан.
14-январда Легендарлуу “Элес” тобунун ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Адил Чекиловдун бир тууган карындашы Нургиз Чекилова каза болгон. Маркум бир канча жылдан бери жаз ырчысы болуп эмгектенип жүргөн.
17-декабрда журналист Жаныбек Жанызак каза болду. Жаныбек Жанызак акыркы учурларда ооруп, Орусияда дарыланып жүргөн.