Дүйнө Кубогу: Эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекке келишти

Бүгүн, 21-декабрда эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө кубогунан Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, ошондой эле жеке машыктыруучулары тосуп алышты.

Жалпысынан Дүйнө кубогунда эркин күрөш стилиндеги балбандар 2 коло медалга ээ болушту: Ислам Орозбеков 70 килограммга чейинки салмактык категорияда жана Айаал Лазарев 125 килограммга чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогунун алкагында эркин күрөш боюнча мелдештер 15-19-декабрь күндөрү өттү.

Курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан