"Милан" клубунун оюнчусу Италия чемпиондугунун тарыхындагы эң ылдам голду жаратты

Кечээ, 20-декабрда футбол боюнча Италия чемпиондугунун (А сериясы) 13-турдук оюнунун алкагында "Сассуоло" клубу өз үйүндө "Милан" футболдук клубун кабыл алды.

Бул оюнда "Милан" клубунун 21 жаштагы чабуулчусу Рафаэл Леао 6,2 секундда гол жаратып, "А" сериясынын тарыхын жаңылады.

"А" сериясындагы буга чейинки рекорд 2001-жылы жаралган. Анда Паоло Поджи оюн башталгандан 8 секунд өткөндөн кийин гол жараткан.

"Сассуоло" - "Милан" (1:2);

Голдор: Рафаэл Леао (1-м), Алексис Салемакерс (26-м), Доменико Берарди (89-м).

"А" сериясынын тарыхындагы эң ылдам гол жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан