19-декабрда Бишкек шаарында жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдештердин расмий ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиева катышты.
Мелдештер чоңдор жана кадеттер арасында өткөрүлүп, жалпысынан чемпионатка 45 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин ээси:
Кадеттер (жаш уландар арасында):
1-орун – Бегалиев Баяман;
2-орун – Кызтек Дауд;
3-орун – Алмамбет уулу Ислам.
Кадеттер (кыз-келиндер арасында):
1-орун – Муратбекова Жибек;
2-орун – Нурланбекова Амина;
3-орун – Жеңишбекова Диана.
Кадеттер MIX:
1-орун – Бегалиев Баяман / Тойчубава Чүрөк;
2-орун – Алтыбаев Лутфуллах / Женишбекова Диана;
3-орун – Алмамбет уулу Ислам / Молодалиева Каима.
Эркектер арасында:
1-орун – Курсаналиев Улукбек;
2-орун – Сүйөркулов Алмамбет;
3-орун – Осмоналиев Азим.
Аялдар арасында:
1-орун – Шарбекова Асел;
2-орун – Рустам кызы Аяна;
3-орун – Кананбек кызы Жибек.
Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.