Өлкөдө бүгүн, 21-декабрь түштөн кийин АКШ долларынын курсу кайра жогорулаганы байкалды. Саат 17:30га карата курс боюнча 1 доллар 80 сом 40 тыйындан 80 сом 60 тыйынга чейин сатылып алынып, 81 сомдон сатылууда.
Эртең менен доллардын курсу коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 79 сом 80 тыйындан 80 сом болсо, долларды сатуу 80 сом 20 тыйындан 80 сом 40 тыйынды түзгөн.
Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында долларынын курсу 80 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн.