"Жол кырсыгынын саны азайбаса "Коопсуз шаар" долбоорун кантип максатына жетти деп айтабыз?" - деп бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Жол кырсыгы 18 пайызга азайды деп айтып жатасыңар. Ички иштер министрлигинин коллегиясында былтыркы жылы 9 айдын жыйынтыгы боюнча жол кырсыктары республика боюнча 12 пайызга көбөйгөн. Өлгөндөрдүн саны 9 пайызга көбөйгөн деп айткан. Быйылкы жылдын 9 айында былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан 496 адам каза болуптур. Былтыркы жылы 429 адам каза болгон.
Силер "Коопсуз шаар" долбоору максатына жетти деп айтып жатасыңар. Мунун максаты негизги жол кырсыктарын, адам өлүмдөрүн азайтуу болчу. Азайбаса кантип максат аткарылат? "Коопсуз шаар" долбоору - жоопсуз долбоор. Бул коммерциялык долбоор деп эки жыл каршы туруп келген үчүн көрбөгөн куугунтукту көрдүм. Президентке чейин чакырып алып "Коопсуз шаар" долбоорун көтөрбөчү деп айтты", - дейт ал.