Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы 6 спортчуга ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Коллегиясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 11-2 «2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясы» токтомуна ылайык «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы спорттун түрлөрү боюнча 6 спортчуга ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Наамга ээ болгон спортчулардын тизмеси:
1. Алина Каныбекова - белбоо күрөшү;
2. Екатерина Геттуева - фехтование;
3. Рамазан Омаров - сууда сүзүү;
4. Бакир Эркинбеков - спорттук самбо;
5. Акынбек Таалайбеков - спорттук самбо;
6. Фурхат Сайтазимов - грек-рим күрөшү.