Роналдунун артынан. Лионель Месси "Интер" клубуна өтүшү мүмкүн

Аргентина курама командасынын жана "Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси кышкы трансферлер учурунда Италиянын "Интер" клубуна өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Мессиге "Манчестер Сити", "ПСЖ" жана "Интер" клубдары тарабынан кызыгуулар бар. Бирок "Манчестер Сити" клубунун ээси машыктыруучу Хосеп Гвардиолага кышында же Мессини же, анын ордуна башка 3 оюнчуну сатып алууну сунуштаган. Гвардиола өз кезегинде 3 футболчуну сатып алууну көздөйт. Ал эми 33 жаштагы чабуулчу италиялык клубга өтүүнү каалайт.

Бул сезондо Лионель Месси Испан чемпиондугунда 13 оюнга катышып, 6 жолу айырмалана алган.

Италия чемпиондугунда 2018-жылдан бери Мессинин негизги атаандашы Криштиану Роналду "Ювентус" клубунун катарында ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alinur
2020-12-23 10:30:05
Баселонадан кете албайтко деймин
0
Talantus
2020-12-23 11:08:43
Месси футбол учун чындап карып калды.
0
Bulkyrgyzbala
2020-12-23 14:54:50
Месси карьерасын Барсада эле жыйынтайт деп ойлойм. Андан кийин Тренерский штабтан орун тапса керек))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан