"Кезек Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде". Бишкекте "Жылуу маанай" флешмобу башталды

Бишкекте "Жылуу маанай" флешмобу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Жылуу маанай" флешмобунда Маданият министрлигинин кызматкерлери таң заардан туруп, шаардын тазалыгына кам көрүп жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине барып, маанайларын көтөрдү.
"Мындай демилгелүү иш-чарага министрдин орун басары Илязбек Балташев да катышты. Ал күжүрмөн "Тазалыктын" кызматкерлерине бекем ден-соолук жана иштерине ийгилик каалады. Алар үчүн жакшы ыр, ысык чай жана таттуулар даярдалды", - деп жазылат маалыматта.
"Жылуу маанай" флешмобун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги баштап, кезекти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине узатты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан