Бишкекте пневмониядан каза болгон милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакуновду эскерүү боюнча футболдук мелдеш өттү

Коронавирус пандемиясы учурунда эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакуновду эскерүү үчүн футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ачылышы Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин башчысы Мадияр Кулуевдин сөзү менен башталды, анда Бердибай Элакуновдун жубайы Мээрим Исаматовнага чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөр айтылып, маркумдун мекен алдындагы эрдиги жана баатырдыгы баса белгиленди.

"Бердибай Элакунов ар бир милиция кызматкеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Ал мыкты милиция кызматкерлеринин бири. Ушундай адамдын урматына турнир өтүп жаткандыгы кубандырат. Биз ар дайым көзү өтүп кеткендердин элесин сыйлайбыз. Бардык катышуучуларга жана командаларга кооз оюн жана ийгилик каалайм!", - деп белгиледи ички иштер башкармалыгынын башчысы.

Мээрим Исаматовна өз сөзүндө турнирдин бардык катышуучуларына ийгилик каалап, жолдошунун жаркын элесине арналган спорттук иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Турнирге катышкандар пневмониядан каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Футбол боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-2 командасы аталып, мелдештин кубогун жеңип алышты. Экинчи орунду Ленин районунун ГОМ-1 командасы, үчүнчү орунду Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын борбордук аппаратынын командасы ээледи.

Кубоктон тышкары, жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн бардык командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, бул футболдук мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турат.

Бердибай Элакуновдун эскерүү боюнча футболдук мелдеш өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан