Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда алтын медалга ээ Айсулуу Тыныбекованын турнирдеги атаандаштарын ири эсепте жеңгени Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) тарабынан мыкты аталды. Мындай маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"62 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова алгачкы үч атаандашын 33-2 эсеп айрмачылыгында жана дүйнөнүн эки жолку байге ээси Анастасия Григореваны 14-0 эсебинде утуп, алтын байгеге ээ болду", - деп жазылат маалыматта.
Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчаровага эле 2 упай алдырганы болбосо калган атаандаштарынын бардыгын ири эсепте мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Күрөш боюнча Дүйнө Кубогу 12-18-декабрь күндөрү өткөн.