Япониянын борбору Токио шаарында өтө турчу жайкы олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандап алуу турнири апрель айында Алматы шаарында өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмуна (UWW) таянып, аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Жазында Алматыда күрөш боюнча эки ири мелдеш өтөт. Алар: Азия континентинен олимпиадага тандап алуу турнири (9-11-апрель) жана Азия чемпионаты (12-17-апрель). Буга чейин Азия чемпионатын 16-21-февраль аралыгында өткөрүү пландаштырылган. Белгилей кетүүчү нерсе, күрөш боюнча бардык мелдештердин жүгүртмөсү коронавирус пандемиясына түздөн-түз көз каранды", - деп жазылат маалыматта.
Алматыда өтө турган бул турнирде жалпы 36 лицензия ойнотулат.
Бул турнир 2020-жылдын февраль айында Кытайдын Сиань шаарында өтмөк. UWW коронавирус пандемиясынан улам турнирди Бишкекте өтөрүн жарыялаган. Кийинчерээк турнир коронавирустан улам жокко чыгарылган.