Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Евгения Строкова чет элдик инвесторлорго гана эмес, ички инвесторлорго да жакшы мамиле кылууну сунуштады.
Анын айтымында, ишкерлерден жана ата мекендик инвесторлордон иштөөгө мүмкүн эмес деген нааразычылыктар көп түшүп жатат. "Негизги салык төлөөчүлөр болгон ишкерлерибизди жана инвесторлорду сыйлаганды үйрөнөлү", - деди ал.