Жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайлар кадимки режимде окуп башташат

Жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайларды кадимки режимде окутуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров билдирди.

"Кырдаалга жараша республикалык штаб жакшы чечим чыгарып берсе, орто жана жогорку окуу жайларды кадимки режимде окутуу пландалууда. Бул боюнча атайын алгоритмдер иштелип чыкты", - деди министрдин орун басары.

Мындан сырткары министрдин орун басары республика боюнча орто жана жогорку окуу жайларга кабыл алынган абитуриенттердин жалпы саны тууралуу айтып өттү:

  • Орто кесиптик билим берүү жайларына - 38 миң 72 абитуриент;
  • Жогорку окуу жайларга - 36 миң 364 абитуриент кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-12-24 15:17:02
Блин ачкылачы уже, онлайн окууңарды тыкчу жериңер тыгып алгылачы, адам өлөт десе кудай кайсы күнү кааласа ошол күнү жок болот, вирустан коркуп баары бир кутула албайсыңар, базарлар маркеттер эл толтура иштеп атышса, ачкыла чимкириктер
+3
nazira...
2020-12-24 18:33:39
Үйдө отуруп куп жадапсын да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан