Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, тергөө иштеринде анын күнөөсүн аныктаган жетиштүү далилдер бар.
"Биз материалдарды соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына тапшырдык. Эгер алар чечим кабыл алышып, Жогорку Соттун төрайымын жоопко тартабыз десе биз аны жогорку кызматына карабастан эртең деле камакка алабыз. Ал мыйзамды бузуп, ошону менен мамлекетке зыян келтирген. Бирок мен детальдарын айта албайм", - деди Камчыбек Ташиев.