Быйылкы жыл ичинде кыргыз шоу-бизнесиндеги белгилүү жылдыздардын үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Кээ бири тун наристелүү болушуп, маңдайы жарыла сүйүнүшсө, айрымдары балдарын карындаштуу, инилүү, сиңдилүү кылып, үйүндөгү тапичкелери көбөйдү. Анда эмесе, Чычкан жылында үйүндө толуктоолор орун алган жылдыздарды назарыңыздарга сунуштайбыз. Эскерте кетсек, бул жолу жалаң гана ырчыларды топтодук.
АЛГАЧКЫ ИРЕТ АТА-ЭНЕ СТАТУСУНА ЭЭ БОЛГОН ЖЫЛДЫЗДАР
2020-жылдын 16-январында ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека Ариана аттуу кыздуу болушуп, алгачкы ирет ата-эне макамына ээ болушту.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 2019-жылдын март айында баш кошушкан.
Ал эми 16-март күнү ырчы Максат Садырбеков менен жубайы Айсулуу кырк жылкылуу болушкан. Жубайлар 2019-жылдын 6-июнунда баш кошуп, заманбап тою Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.
Ошондой эле ырчы Бегимай Бекбоева дагы 22-март күнү тун наристесин жарыкка алып келип, уулдуу болгонун сүйүнчүлөгөн. Алгачкы энелик сезимдери тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
Ошондой эле эстрада ырчысы Данияр Эрматовдун дагы үйүндө наристе үнү жаңырды. Тагыраагы, ушул жылдын 10-октябрында Рания аттуу кыздуу болушту. Түгөйлөр 2019-жылдын ноябрь айында баш кошушкан.
Мындан сырткары Yella каймана аты менен белгилүү ырчы Назгүл Токтакунова 26-июнда көз жарып, эне макамына ээ болгон. "Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 880 грамм болду. Ысымды чоң ата, чоң апасы коёт, азырынча кандай ат коёрубузду чече элекпиз. Кызыбыз атасына окшош", - деген ал. Назгүл Токтакунова 2019-жылы 29-июлда турмушка чыккан. Ал күтүлбөгөн жерден жигити, музыкант Кубаныч Бакытов ала качып кеткенин айткан.
Ырчы Нуркыз Кожонова 10-августта тун уулун жарыкка алып келип, эне статусуна ээ болгон. Уулунун салмагы 4 килограмм 200 грамм болгонун, ал эми жолдошу өзүнүн атына уйкаштырып Эмир деген ысым ыйгарганын айткан. Ырчы 2019-жылдын ноябрь айында Эмил аттуу мырзага турмушка чыккан.
Дал ушул 10-август күнү ырчы Ислам Акматов дагы алгачкы ирет ата макамына ээ болгон. Кырк жылкылуу болгон ырчы кызынын салмагы 3 килограмм 300 грамм, бою 50 сантиметр болгонун айткан. Ислам Акматов 2019-жылы 14-ноябрда сүйүктүүсүнө баш кошкон.
Ал эми 18-сентябрда ырчы Тынчтыкбек Айылчиев менен жубайы алгачкы ирет ата-эне макамына ээ болушту. Уулуна Алинур деген ысым ыйгарышкан.
Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында эстрада ырчысы Бурул Арунова дагы көз жарып, эне статусуна ээ болгон. Кызына Айсель деген ысым ыйгарган. Ырчы Бураш дагы уулдуу болуп, алгачкы ирет эне макамын алды.
БАЛДАРЫНА ШЕРИК БОЛСУН ДЕП ЭКИНЧИ, ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ АТА-ЭНЕ БОЛГОНДОР
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Чычкан жылында 3-ирет ата макамына ээ болду. Ушул жылдын 26-февралында ырчынын жубайы АКШдагы төрөтканалардын биринде көз жарган. Ырчы кызына Сүйүү деген ысым ыйгарганын айткан.
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2015-жылы Адам деген уулдуу болушкан. 2018-жылдын апрель айында жубайлар кыздуу болушуп, ага Ыйман деген ысым коюшкан.
Ырчы Мирлан Баековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Ушул жылдын 29-апрелинде экинчи ирет ата макамын алган ырчы кырк жылкылуу болгонун айткан. Мирлан Баеков менен жубайы буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.
Ырчы Мирбек Иманбеков кырк жылкылуу болду. Үчүнчү ирет ата статусун алган ырчынын жубайы Талас облусунун Кара-Буура районунда көз жарган.
Ырчы менен жубайы Бурул айым буга чейин бир кыз, уулду тарбиялап келишкен.
Ал эми 14-майда ырчы Съездбек Искеналиевдин үйүндө да наристе үнү жаңырды. 40 жашында 3-ирет кыздуу болгонун айтып кубанган ырчы төмөнүлөрдү билдирген.
Эстрада ырчысы Арсен дагы ушул жылдын 12-октябрында экинчи ирет кыздуу болду.
Арсен 2018-жылы сүйүктүүсү Бегайымга баш кошуп, 2019-жылы Алия аттуу кыздуу болушкан.
Мындан сырткары 2000-жылдары "Атага кат" дуэти менен таанылган ырчы Сапар Эркебаев ушул жылдын январь айында үчүнчү ирет ата макамына ээ болгон. "Уулубуздун салмагы 3 килограмм 400 грамм, бою 53 сантиметр болду" деп билдирген ырчы. Жубайы Айгерим экөө буга чейин 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.
Январдын аягында жеке ырчы Акбар Сүйүнбаевдин да үйүндө наристе үнү жаңырды. 3-ирет ата болгон ырчы уулуна Айкөл деген ысым ыйгарганын айткан.
Эстрада ырчысы Айдин Шер 21-Март- Нооруз майрамында уулдуу болуп кубанган. Ырчы жубайы Эльвира айым экөө бир кызды тарбиялап келишкен.
Ал эми 30-март күнү ырчы Аида Кулуева 2-ирет кыздуу болгонун сүйүнчүлөп, жолдошу кызына Азалия аттуу ысым ыйгара турганын билдирген. Ал эми улуу кызы Айлин 6 жашта.
Ырчы, тамада Ирлан Таалайбеков 9-апрель күнү кыздуу болду.
"Ошко", "Бишкек-Каракол", "Ай кызым" жана башка ырлардын аткаруучулары Тотомидин жана Сурма дуэтинин ырчысы Сурма Тургуналы кызы 16-апрелде уулдуу болду. Экинчи ирет эне статусун алган ырчы "Уулубуздун салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 52 сантиметр. Улуу кызым 3 жашка чыгып калды. Азырынча уулубузга бир ысымды тандай элекпиз", - деп билдирген.
Ошондой эле ушул жылдын июль айында ырчы Самат Дөөлөтбаков дагы 3-ирет ата макамына ээ болуп, уулуна Саджан деген ысым ыйгарган. Буга чейин жубайы экөө бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.
"Жебе" тобунун мурунку солисти, ырчы Самат Муратбеков үчүнчү ирет кыздуу болду. Кызыбыз ай-күнүнө жетпей төрөлдү деген ырчы кызына келинчеги Руслана деген ысым ыйгарганын билдирген. Самат Муратбеков 2015-жылы үйлөнүп, 2016-жылы 13-июлда Жанэль аттуу кыздуу болгон. 2018-жылы экинчи кызы Ая төрөлгөн.
Ырчы Жоодарбешим октябрь айында экинчи ирет ата макамын алганын айтып, кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн. Кыздуу болгон ырчы наристенин кыркы чыккандан кийин сүйүнчүлөөнү туура көргөнүн айткан.
2017-жылы сүйүктүүсү Аксана менен баш кошуп, 2018-жылы кыздуу болушкан.