ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2020: "Кырчындай өмүрлөр кыйылды". Жыл ичиндеги үрөй учурган жол кырсыктары

Улак тартыштан келе жаткандар унаасы менен күйүп кеткен

Кырсык 3-февраль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында болгон. Анда айдоочу рулга ээ боло албай электр мамысын сүзүп, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгон. Өрттү өчүрүүгө атайын кызматкерлер тартылып, өрт толук өчүрүлгөн. Куткаруучулар унаадагы каза болгон адамдарды чыгарышып, Өзгөн райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткиришкен. Кийин аталган жол кырсыгынын кесепетинен 10 бала атасыз калганы маалым болгон. Күйүп кеткен маркумдардын бири бир апта мурун үйлөнгөн. Маалыматка ылайык, маркумдар Мырза-Аке айылынан улак тартыштан келе жатып, кырсыкка кабылышкан. Алардын баары Большевик айылынын тургундары болушкан. Ал эми 4-февралда маркумдардын сөөгү бир жерден жерге берилген.

Ачуу басардан келе жаткан унаа кырсыкка кабылып 7 адам каза болду

Аталган кырсык Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Анда 49 жаштагы айдоочу Honda Jazz унаасы менен Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынан өзүнүн айылына келе жаткан. Карама-каршы тилкеде келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 44 жаштагы айдоочу өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц-Вито унаасынын рулун башкара албай калып, Honda Jazz унаасынын жолуна чыгып сүзүшкөн. Жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Кырсык болгон күнү Хонда-Жаз унаасындагы каза болгон жарандар ачуу басардан келе жатышканы белгилүү болгон. Аталган унаадагы каза болгондордун бири үйлөнүп, андан соң Шамалды-Сай шаарчасына ачуу басарга барып, ал жактан турмушка чыккан кыздын жеңеси кошулуп, кайра үйлөрүнө келе жатышкан. Алар карама-каршы багыттагы келе жаткан Мерседес-Бенц Вито менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Мерседес-Бенц Витонун айдоочусу уктап кеткен.

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы жай айында Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда 25 жаштагы айдоочу Хонда Одиссей унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап баратып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен Асел Кадырбекова Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган. Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 25 жаштагы жаран дагы ушул эле ооруканага жеткирилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү 1994-жылы туулган жаран Улуттук госпиталга жеткирилген.

Айдоочу Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алынган. Ал ортодо ырчы айымдын жолдошу Нурлан Насип айдоочу баланы кечиргенин, үй-бүлөсү менен тосмо арыз жазып бергенин айткан. 25-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгындагы айдоочунун ишин тараптардын жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскарткан. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камактан токтоосуз бошотулган.

Балыкчы-Кочкор жолунда үй-бүлө мүчөлөрүн жалмаган кырсык

9-июль күнү Балыкчы-Кочкор унаа жолунда болгон Volkswagen Passat унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Натыйжада окуя болгон жерден дароо 2 эркек жана бир аял каза болуп, 3 өспүрүм ар кандай жаракат алган.

Териштирүү ишинде каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экендиги, тактап айтканда, 46 жаштагы айдоочусу, анын 42 жаштагы аялы жана 12 жаштагы уулу каза болгон. Ал эми алардын 6 жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы уулдары жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы, 19-июлда ата-энесинен айрылып, өздөрү оор абалда жаткан балдардын бири каза болуп калган.

Таласта мас абалда велосипедчен баланы өлтүрө сүзгөн облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы 3 жылга соттолду

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин жардамчысы 53 жаштагы Марслатбек Шералиев Toyota runner унаасын башкарып бара жаткан. Ал батыштан чыгышка карай бара жатып, жол жээгинде кетип бара жаткан велосипедчен адамды сүзгөн. Андан кийин жол четинде токтоп турган Мерседес-Бенц Гигант унаасын сүзүп токтогон. Ал эми велосипед тээп бара жаткан жабырлануучу 23 жаштагы жаран Манас райондук ооруканасына жеткирилген. 31-июлда ооруканада жаткан жабырлануучу алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон. Айдоочуну экспертизадан өткөрүшкөндө ал мас абалда болгону аныкталган.

Манас РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Унаа айып короосуна токтотулуп, өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 23-ноябрда Талас райондук соту Марслатбек Шералиевди күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратып, эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыраткан.

Казарманда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы

Казарман айылында 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Ауди А6 унаа менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсык болгон жерде дароо 8 адам каза болгон. Кийинчерээк, маркумдар кошуна айылга куран окутууга бара жатышканы маалым болгон. Алдын ала маалымат боюнча оор жүк ташуучу унаа экинчи тилкеден негизги жолго чыга калган.

Оштун Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен таята менен небере

Окуя Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде болгон. Анда Ак-Буура дарыясына Hyundai Porter унаасы кулап түшүп, таята менен небере кошо сууга түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу рулду башкара албай калган. Унаада 3 адам болгон, алардын бири унаадан түшүп калганга жетишкен. Таята менен 4 жашар небересин издөө иштери узакка созулуп, акыр аягы алардын жансыз денеси табылган.

Суусамырда жол кырсыгынан атасы, баласы жана келини каза болду

Жол кырсыгы 7-ноябрда саат 06:30 чамаларында болгон. Бишкек-Ош унаа жолунун 172 чакырымында, тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндө жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Тойота Камри унаасы түндүктөн-түштүккө карай бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Тойота Камри унаасы каршы тилкеге чыга калган. Кырсыктын кесепетинен 1960-жылы туулган айдоочу, анын 36 жаштагы баласы жана келини окуя болгон жерден жан берген. Ал эми үй-бүлөнүн 5, 3 жана 1 жаштагы балдары Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Канттагы 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы
18-ноябрь күнү Нарынга багыт алган Хонда Степвагон унаасы Кант шаарында жол кырсыгына кабылган. Анда ал КамАЗ сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде дароо 3 адам, кийин дагы 3 жаран каза болгон. Каза болгондордун арасында 1ге чыга элек наристе да болгон.
Ысык-Ата аймактык ооруканасында айдоочу жана 2 жаран түшүп, кийинчерээк алардын экөө ооруканадан чыгып, айдоочу дарылануусун улантуу үчүн башка ооруканага которулган.
Көз ачып жумганча бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган жол кырсыгы

Токмок шаарында 19-декабрь күнү 8 адамдын өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы катталган. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, бир унаадан 6 үй-бүлө мүчөсү дароо каза болгон. Ал эми берки унаадан 2 адам каза болгон. 3 жаран ооруканага жеткирилген.

Көп өтпөй бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондор тойдон келе жатканы белгилүү болгон. Учурда аман калган 3 жарандын экөө Токмок шаардык ооруканасында дарыланууда. Ал эми бир үй-бүлөдөн жалгыз калган 4 жашар кыз Бишкектеги ооруканалардын бирине жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaka78
2020-12-29 09:48:08
Ээх Жараткан,кандай гана өкүнүчтүү
+1
ulua
2020-12-29 11:44:48
Тообаа, кырсыктан сакта боодо, баары жапжаш бир булолор экен! Кандай окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан