"Шоро" компаниясы: "Кел мекендеш, мекенге болгон каалообузду кагазга түшүрөбүз"

Каалоо-тилектериңиз сыртка жаңырсын

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Көпчүлүгүбүз келерки жылга карата жаңы пландарды, каалоо-тилектерди коёбуз. Психологдор тилектерди кагазга түшүрүү менен анын орундалышына жол ача аласыздар деген кеңештерин берип келишет. Албетте, жеке жашооңуздагы сиз кыялданган кыялдар орундалышына тилектешпиз. Ал эми бул жолу жалпыбыз биздин ыйык жана сүйүктүү мекенибизге болгон ак тилектерибизди ачык жарыялоону эп көрдүк.

Жакшы тилектердин аянтчасында жолугабыз

"Шоро" компаниясы Жаңы жылда жарандарга өзүнүн мамлекетине болгон каалоо-тилегин Курманжан Датка эстелигинин жанында жазууну сунуштайт.

Тагыраагы, 26-27-декабрь күндөрү борбор калаанын жашоочулары жана коноктору 2021-жылда Кыргызстандын өнүгүүсүнө карата ой-тилектерин, каалоолорун сыртка чыгарып, чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Каалоо-тилектерди кантип чагылдырабыз дейсизби? Ал аянтчага атайын полотнолор алдын ала орнотулат, катышуучулар ошол полотного тилектерин чагылдырышат. Баса, эң мыкты чагылдырылган каалоо-тилектер "Шоро" компаниясынын бардык жеткиликтүү ресурстарына жарыяланат.

"Шоронун" жаңы продукциясы сиздин сындан өтөт

Мындан тышкары ошол эле күндөрү саат 14:00дө аянтчага келген коноктор "Шоро" компаниясынын жаңы продукциясы - "Курут лайтты" жана ысык «Бозо Шорону» акысыз дегустация кылышат. Иш-чарадагы дагы бир кызыктуу учур - дегустациядан кийин Шоро байке менен кызыктуу оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөр байгелерге ээ болушат.

Биз сизди кайсы даректе күтөбүз?

Бишкек шаары, Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги Курманжан Датканын эстелиги.

26-27-декабрь күндөрү саат 14:00дөн 17:00гө чейин.

"Шоро" компаниясы жөнүндө кыскача маалымат

Компания мындан 28 жыл мурун түзүлүп, ошол күндөн тартып ата-бабалардын салтын сактап, Кыргыз элинин улуттук суусундук, улуттук азыктарын чыгарып, аларды жайылтып, даңазалап келет. Бул жылдар аралыгында "Шоро" рынокто лидерлик ордун ээледи, миллиондогон керектөөчүлөрдүн ишенимине кире алган эң ири компанияга айланды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан