Буга чейинки макалада кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн, тактап айтканда, эстрада ырчыларынан кимдер ата-эне статусуна ээ болгонун баяндаган элек. Бул жолку чыгарылышта биз "тамашоучулардан" тартып, актёр, актриса, бийчи, спортчу, ал тургай төкмө акындарыбыздын арасынан кимдер ата-эне макамын алганын тизмектеп чыгабыз. Анда эмесе, кеп башынан болсун.
АТА-ЭНЕ МАКАМЫН АЛГАН АКТЁР, АКТРИСА, "ТАМАШОУЧУЛАР"
2020-жылдын 18-январында "Тамашоучу", актёр жана алып баруучу Азамат Исмаиловдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет ата макамын алган актёр уулдуу болгон.
"Жубайым Сымбат борбордогу төрөтканалардын биринде 18-январда көз жарды. Төрөт кандай болот деп кыжаалат болдум. Анткени биринчи уулумду төрөгөндө кыйналган. Бул жолкусу салыштырмалуу жеңил болду. Ар бир бала төрөлгөндө башкача сезимдер болуп турат экен", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Азамат Исмаилов 2014-жылы күз айында Сымбат аттуу кызга баш кошуп, 2015-жылдын август айында уулдуу болушкан. Баласына Темирлан деген ысымды ыйгарышкан.
Атактуу куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу, тамада, шоумен Манас Алыкулов ушул жылдын 23-апрелинде 2-ирет уулдуу болгон. "Балабыз 3 килограмм 400 грамм салмакта, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Кайненем, апам, туугандар баарыбыз кеңешип, уулума Элмирбек деген ысым ыйгарууну чечтик. Балабыз келечекте Элмирбек Иманалиевдин атын татыктуу алып жүргөн, таланттуу, ак көңүл жигит болсун деп тилейбиз", - дейт Манас.
Кино жана театр актёру Арнис Кыдырмышев менен жубайы, белгилүү актриса Альбина Имашова 10-июнда кыздуу болушкан.
Актриса кызынын салмагы 3 килограмм 250 грамм, бою 51 сантиметр болгонун айткан. Түгөйлөр буга чейин 2 кызды тарбиялап келишкен.
Актёр жана "тамашоучу" Рүстөм Аскенов менен келинчеги Гүлзада Мүзүралиеванын үйүндө 21-сентябрда наристе үнү жаңырды.
Наристенин салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 51 сантиметр болгон.
Ал эми Чычкан жылында актёр, алып баруучу Самат Эркинбековдун үйүндө толуктоо орун алды. "29-октябрда таңга маал жубайым Чолпонай толготуп бир нече сааттан кийин уулубуз жарыкка келди. Пандемияга байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Доктурлардан суранып жатып баламды бир жолу көрүп алдым.
Баламды көргөндө чоң жоопкерчиликти сездим. Анын үстүнө көпкө күтүп жүрүп балалуу болгон сезим башкача болот экен. Учурда эне, баланын абалы жакшы", - дейт ал.
Самат Эркинбеков уулуна Иман деген ысым ыйгарган. Жубайлар 2015-жылы баш кошкон.
Ошондой эле актёр, режиссёр Бакыт Осмонкановдун үйүндө толуктоо болуп, ал үчүнчү ирет ата макамын алды. Актёрдун жубайы 13-декабрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган. Уулунун салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 52 сантиметр болгонун айткан.Бакыт Осмонканов 2013-жылы сүйүктүүсү Жылдыз айымга баш кошкон. Түгөйлөр буга чейин бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.
Ошондой эле бийчи Наргиза Момунтаева 23-июлда көз жарган. Жубайлар кызына Алима деген ысым ыйгарышкан. Белгилей кетсек, Наргиза айым жолдошу менен 2019-жылы баш кошуп, үлпөт той 2020-жылдын 4-январь күнү Чолпон-Ата шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.
Мындан сырткары актриса, модель Эркайым Абдуллаева дагы дал ушул жылы уулдуу болуп эне статусуна ээ болгон.
ТӨКМӨ АКЫН АЗАМАТ БОЛГОНБАЕВ 4-ИРЕТ АТА МАКАМЫН АЛСА, ТАЛАНТТУУ КОМУЗЧУ НАЗБЕК КЕНЧИНБАЕВ МЕНЕН МУЗЫКАНТ НУРАЙЫМ АЗЫКБАЕВА КЫРК ЖЫЛКЫЛУУ БОЛУШТУ
Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев менен жубайы Жайнагүл Жекшенбекова кырк жылкылуу болушту.
"Жубайым 21-сентябрда борбордогу төрөтканалардын биринде кызыбызды жарыкка алып келди. Келинчегим экөөбүз буга чейин 1 уул, 2 кызды тарбиялап келгенбиз", - дейт акын.
Скрипканын чебери, музыкант Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаевдин үйүндө наристе үнү жаңырды. Кырк жылкылуу болгонун айткан Назбек Кенчинбаев кызынын салмагы 3 килограмм 200 грамм, бою 55 сантиметр болгонун айткан.
Айта кетсек, Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева 2016-жылы август айында баш кошкон.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасындагы негизги оюнчулардын бири болгон Тамирлан Козубаев 24-ноябрда кыздуу болду. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "эми биз ата-энебиз" деп жазып калтырган.
Тамирлан Козубаев 2019-жылдын январь айында Эльзада аттуу айымга баш кошкон. Учурда футболчу Индонезиянын "Персита Тангеранг" клубунда ойноп келет.