25-декабрда өлкөнүн 70 мыкты студентине президенттин стипендиясы тапшырылды. Мыкты делген студенттердин катарында сахнада өз орду бар, өзгөчө үндүү ырчы Нурчолпон да бар.
Ырчы Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын композиция бөлүмүндө 4-курста билим алат. Мугалими Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү композитору Мурат Акимович Бегалиев.
Нурчолпон буга чейин Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык училищеде билим алып, президенттик стипендияны ошондон бери алып келет. Аталган окуу жайдан эки кесип боюнча билимге ээ болуп, 2 кызыл дипломду колуна алган.
Буга чейин тандап алынган ар бир студентке 50 миң сомдон берилерин, тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону маалым болгон.