Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарында кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. 1-октябрь күнү Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен ИИМдин ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан Мерседес Бенц автоунаасы токтотулган. Унаанын ичинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда соттолгон, 38 жаштагы Баткен облусунун тургуну Ташбай Маткайымов болгон. Текшерүү учурунда жанынан 3,32 грамм баңгизат табылды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан