Бүгүн, 26-декабрда 80 жаш юбилей курагын "Алга" футбол клубунун легендарлуу оюнчусу, машыктыруучу, СССРдин спорт чебери Дамир Ибрагимович Бибаев белгилеп жатат.
Кыргыз футболдук союзунун атынан туулган күн ээсин КФСтин башкы катчысы Медербек Сыдыков куттуктап, эсте калчу белектерин тапшырды.
Дамир Ибрагимович Бибаев 1940-жылы төрөлгөн, "Алга" командасында 1960-1971-жылдары ойногон.
Чың ден соолук жана узун өмүр каалайбыз!