Эми республикадагы бардык мектептер өздөрүнүн веб-сайтын ача алат. Сайт түзүүнүн баасы 5 миң сом

Эми ар бир мектеп, балдар бакчасы өздөрүнүн сайтын ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Маалыматтык жана жогорку технологиялар заманында кандай гана ишкана, мекеме болбосун сайт ачуу негизги атрибуттардын бири болуп саналат.

Мисалы, https://njundubaeva.mektebim.kg/ сайтынан сиз өзүңүздүн келечектеги сайтыңыз менен таанышсаңыз болот.

Сайттар төмөндөгүдөй кызматтарды аткарат жана артыкчылыктарга ээ:

  • Программалоо боюнча билимди талап кылбайт;
  • Колдонууга жеңил жана заманбап дизайн;
  • Жаңылыктарды, макалаларды, сүрөттөр топтомун жүктөөгө мүмкүнчүлүк болот;
  • Жадыбалдарды жарыялоо модулун жарыялоо (мектептер үчүн);
  • Катталуу жана маалыматтык каттарды жөнөтүү;
  • Бир канча тилдеги сайтты түзүүгө мүмкүнчүлүк;
  • Дүйнөлүк маалыматтарды издөө жана ыңгайлуу фильтр;
  • Смартфондон колдонуу;
  • Социалдык тармактарга маалымат жарыялоо баскычы;
  • Интерактивдүү карта жана башкалар.

Сайт түзүү үчүн болгону анкетаны толтуруп, info@edugate.kg электрондук дарегине жөнөтүү жетиштүү. Домен, хостинг жана сайттын жылдык тейлөөсү 5000 сомду түзөт. Сайт жөнүндө көбүрөөк маалыматты презентациядан таба аласыз.

Сайттын структурасы

www.mektebim.kg | www.balabakcha.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан