29-декабрь добуш берүү үчүн каттоону алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN) паспорту бар, жашаган жеринин каттоо дарегин алмаштырган, бирок ошол эле учурда жашаган жеринин каттоосунун дарегине ылайык паспортун алмаштырбаган шайлоочулар туруктуу жашаган жери боюнча шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) бере алышат.
2017-жылдын үлгүсүндөгү (eID) паспорту бар шайлоочулар туруктуу жашаган жеринин каттоо дарегине жана бекитилген чек араларына ылайык тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
"Ар бир шайлоочу 19-ноябрдан 29-декабрга чейин шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталынан, 119 номуруна чалып, 119 номуруна жеке ПИН номуру менен смс жөнөтүп, өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактай алат.
2-форма жокко чыгарылгандыгына байланыштуу каттоо эсеби жаранды тигил же бул шайлоо участогуна киргизүүнүн критерийи болуп саналат.
Калкты тейлөө борборлору жана Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү 31-декабрга чейин саат 9:00дөн 20:00гө чейин дем алышсыз иштээрин БШК эске салат", - деп айтылат маалыматта.