Бишкекте бүгүн, 3-октябрда саат 03:30дар чамасында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Кырсык Садыгалиев - Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алып, анда Хонда жана Мерседес унаалары сүзүшкөнүн Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматы билдирет. Натыйжада Мерседес унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза тапса, Хонданын айдоочусу ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей ооруканадан каза тапкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.