Ырчы Анжелика Кайратова "Жашоо керемет" ырын эми ырдабай тургандыгын, автордун кызы андан 20 миң доллар сурагандыгын Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
"Ырлардын чыры бүтпөдү. “Жашоо керемет” ырын эми такыр аткарбайм. Бир ырдан баш тартып, тапкан акчамды Аллах ыраазычылыгы үчүн муктаждарга бергеним оң. Мен анда беш жашта элем. Чубак Сатаев, Марат Алыбаев агаларыбызды үйдөгү отуруштарда, тойлордо көрүп жүрчүбүз. Ата-энелерибиз ырларын сүйүп ырдаганда биз дагы жаттап калчубуз. Анда бүгүнкүдөй закондор жок эле. Каалагандар автордун атын айтып ырдашчу, алар өз каалоолору менен белек кылып жазып берип, батасын берчү. Албетте, мен КРнын мыйзамдарына баш ийем. Бирок бардык нерсе чеги менен болушу керек. 1995-жылдан бери аткарып келе жаткан ырды аткаруума тыюу салышты. Атасынын ырларын патенттен өткөрүп алган Марат Алыбаев агабыздын кызы аткарууга уруксат берүүгө 20,000$, андан соң 3000$ талап кылды.
Бардык авторлор алчу акчадан баш тартты. Кеп акчада эмес, кеп адамдын ач көздүгүндөбү деп жаман болуп жатам. Жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, моюнум буулуп, шагым сынып жатат.
Ушундай алыска качып кетким келип жатат. Менин аудиом жазылып жатат, интернетке таратам деп талуу жериме тийди. Алдын ала бул маалыматты кыскартып чыгарууну чечтим", - дейт Анжелика.