Чемпион Валентина Шевченко UFC'нин мыкты мушкер айымына ат салышууда. Бул тууралуу спорттук басылмалар жазып чыгышты.
UFC уюму "Жылдын мыкты мушкери" наамына беш мушкер айымды атады. Алар: Аманда Нуньес, Аманда Рибас, Маккензи Дерн, Вейли Чжан жана Валентина Шевченко менен бирге алдыңкы бештикке киришти. 2020-жылдын мыкты мушкер айымын тандоо 2021-жылдын 9-январына чейин добуш берүү аркылуу уланат. Бул шилтеме аркылуу добуш берсеңиз болот.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет татыктуу коргоп калган.