Испаниялык белгилүү футболчу Диего Коста "Атлетико Мадрид клубунан кетти. Диего Коста бир нече күн мурун жеке себептерден улам клубдан кетүүнү суранганын мадриддик клубдун расмий сайты кабарлады.
Клуб менен чабуулчу Диего Коста 2021-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген келишимди бузуу боюнча чечимге келишкен. Диего Коста "Атлетико Мадрид" клубуна 2006-жылы 17 жашында келген. Ал клубда жалпы 215 расмий оюн өткөрүп, 83 гол жаратып, 36 жолу голдук пас чыгарып берген.
Ал "Атлетико Мадрид" клубу менен чогуу 2014-жылы Ла Лигасын, Испания Кубогун (2013-жылы), Европа Лигасын (2018-жылы) жана үч жолу Европа Суперкубогун (2010, 2012 жана 2018-жылдары) жеңип алган.